Пробация институту талашка түштү (видео)

671

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев пробация институтунда 2025-жылга чейин алардын карамагында болушу керектигин айтууда. Ал эми Юстиция министрилиги болсо, иштегенине 2 ай эле болгон орган алардын карамагында болуп, 2020-жылга чейин эле департамент катары ишке кириши керек деп эсептейт. Азырынча бул боюнча өкмөт үн ката элек.

Ал арада пробация институтунун талашка түшүшү бир топ талкууларды жаратты. Айрым эксперттер мамлекеттик органдар кошумча милдет алууга эмес, бул институттун иштеп кетүүсүнө көмөк көрсөтө турган чет элдик донорлордон келе турган гранттарды алууга кызыкдар экенин айтышууда.